М.Барпиев ат. №19 Жылгын жалпы орто билим берүү мектеби Жалал-Абад областы, Аксы району, Жылгын айылы

Биз жөнүндө

Мамадалы  Барпиев  атындагы  №19 “Жылгын”  жалпы

орто билим берүүчү  мектебинин  тарыхы.

Биз жөнүндө

1932-33-жылдары  Кызыл-Туу  башталгыч  мектебинин  базасында  уюшулган.  1933-жылдары 1-2-класстар  окутула  баштаган.  Кыштактагы сабатсыз  элдерди  жаш  балдар  менен  кошуп  сабатсыздыгын  жоюшкан.

Мектептин  атайын  имараты    болбогондуктан  ар   кимдин   бош   тамдарына  окутулуп  жүргөн.

Мектептин алгачкы имараты 1945-жылы  салынган, бирок 1946-жылы  ноябрда  жер титирөөдө  урап  түшкөндөн  кийин  кайрадан   бош  тамдарда  окутулган. 1943-1981-жылдардын  аралыгында  Мамадалы  Барпиевдин  көп  жылдык  эмгеги  сиңген.

1964-жылы  Райондук  билим  беруу  болумунун   башчысы  М.Абылкасымовдун   мезгилинде  4  бөлмө  жана  мугалимдер   бөлмөсү  курулган.1968-жылдарга  чейин  4  жылдык  мектеп  болгон.

1968-78-жылдары  8-жылдык  мектеп  уюшулган, мектептин  башчысы  болуп  Өмүрбеков  Мавлян  иштеген.

1978-81-жылдары  мектептин  директору болуп Иманкулов  Эрегул эмгектенген. Мектептин кошумча  курулушу  1978-жылы   ремстрой   кантора   тарабынан  башталып   1979-жылы  пайдаланууга   берилген .  Ошол  убакта   селолук   советтин  председатели   Бекмуратов   Соорбек   болгон.  Мектептин  имараты   райондук  партия   комитетинин  жана  аткаруу  комитетинин  кийлигишуусу  менен  бүткөрүлгөн  .  Ошол  убакта   зав  РайОНО   Абылкасымов  Мамыт  болчу. Мектептин   курулушуна   Аркыт   лесхозунун  директору   Төрөбеков   Аманбайдын,   райкомдун  , исполкомдун , с/советтин  жана  мугалимдер   Барпиев  Мамадалы, Өмүрбеков Мавлян,  Бердалиев Тумандын  кошкон  салымы  бар.

1985-1990-  жылдары  мектеп  директору болуп Ражапова  Айтилла эмгектенген. Анын демилгеси  менен 1987-88-окуу жылында толук  эмес  орто  мектеп  жалпы  билим  берүү  орто  мектепке  айландырылып,  мектептин  мөөрү  алынган. 1987-жылы  ашар  жолу  менен  сырттан  келип  иштеген  мугалимдер  учун  мектептин  квартирасы  курулган . 1988-жылы  Райондук  билим  беруунун башчысы   Эргешова Өктөмкандын  жардамы   менен  3  кабинет  экинчи  корпуска    уланып  салынган . Ал кабинеттер башталгыч  класс, Китепкана жана окуу  мастерской   кабинети  болуп  пайдаланууга берилген. Ошондой  эле  Ражапова   Айтилла  иштеген  учурда  мектептин  короолору  темир  шиттер  менен   алмаштырылып, темир  дарбаза  курулган   жана  спорт  аянтчасы    атайын  инвентарлар  менен  жабдылган.

1990-95-жылдары  Чакаев   Турсуналы директор болуп иштеген.   Мектептин  эстетикалык   жана  экологиялык   жагын   которууго  коп  конул  бурган, окуу  кабинеттерин  жабдуу  жагын  колго  алган. Ошондой  эле  мектепте  окуу  тарбия  иштерине  коп  конул  бурган.

1995-98-жылдары  мектептин   директору  болуп Торобеков   Болот эмгектенген. Анын  демилгеси   менен  жана  « Аркыт »  токой   чарбанын    жетекчиси   Мамырбеков   Мейменалынын   жардамы  менен   мектеп   корпустарына  паровойлор    курулуп , биринчи   корпустун   шиферлери  жаныланган. Ошол   жылдары   турбазанын   материалдык   башчысы    Асыранов   Оогандын   жардамы  менен    мебелдер  алынган  жана   коридорду   экологиялык  зал   кылып   кооздоого   жардам   берген. Торобеков   Болот   информатика   боюнча   райондо  алдынкы  адис  болгондуктан   анын  жардамы  менен  мектепке  жаны  маркадагы  компьютер  алынып келинген .

1996-97 –окуу  жылдарында   мектеп  өз  каражаты менен 1962-жылы  салынган  1- корпусту,   узуну   20м  жана  туурасы  17м  болгон   мектептин   чатырчасын  жаңы   шифер  менен  жаныланган . Бул  мектептин ошол кезде иштеген  мугалимдеринин  жана  ата- энелердин  кошкон  салымдары чоң. Атап айтсак: Момунов Адимбай, Омурбеков  Мавлян, Бакашова Зарипа,  Арстанкулов Таштан, Турдубаева Токтобу, Жуманалиева  Каныкей,  Тилекбаева Айчурок, Курмушиева Азелкан,  Юлдашева Масуда, Чондубаев  Масалбек, Арыкбаева Роза, Урусова Элмира, Бердалиева  Омуркан , Атамкулова   Нургул, Камчыбекова  Менюра, мектептин  кенже  кызматкерлери   Малабаев  Атамырза, Сатканкулова  Рысжан, Масалбеков   Жуманазар.

  1998-2011-жылдары директор болуп Жумабаева Гулнара эмгектенген. Анын демилгеси   менен   суунун   жээгине   балдардын   келечегин ойлоп, дендробак  аянтчасын   чет   элдик   грант  утуп  алып, жаңы   зымторлор   менен   королонгон. Чет   элдик  экинчи    грант  утуп  алып  мектептин   чон  корпусун   жаңы   шифер менен жаап, полдорун  капиталдык  ремонтон  чыгарган, эки   классты  жаны  мебелдер  менен    жабдыды, гранттын  эсебинен  18 миң  сомго  экологиялык зал   талаптын   денгээлинде  жабдылган. Мектептин комокчу чарбасынын  эсебинен 15 мин  сомго  иш  кагаздарды  өз   денгээлинде  толтуруу  максатында   принтер   алынып  келинген.

2005-2006-окуу  жылында  Жылгын  орто  мектеби  жер   кочку  коркунучуна   туура   келгендигине   байланыштуу,  Мамлекет тарабынан 192  орундуу жаны  мектептин   курулушу  убактылуу жеңил конструкция менен 2006-жылдын  июнунда  башталып  август айында   буткорулду. Кызылтуу  айыл  окмотунун  жааматы, Жылгын  айылынын  тургундары   мектептин  курулушуна  жакындан  жардам  корсотушуп  куруучуларды  ысык  тамак  менен  камсыз  кылууда  жардам  көрсөтүштү .

2015-2022-жылдары директор болуп Шерматов Урмат эмгектенген. Демөөрчүлөр менен иш жүргүзүп мектепке таза суу чыгарды, 1 ксерокопия, 1 принтер, 1 компьютер алынды. USAID программасынын алкагында 1-4-класстардын окуучулары үчүн  ашкана жаңыланып, ысык тамак уюштурулду,

Жеке демөөрчү тарабынан 2 даана жаңы телевизор берилген.

Эл аралык долбоорлордун негизинде 1 проектор, 1 ноутбук, 1 планшет келген. Окуучулар конкурстан 1 принтер мектептин пайдасына утуп келишкен.

Элдин демилгеси жана каражаты менен ашар жолунда  2016-жылы  спорт залдын курулушу башталган, жеке демөөрчү тарабынан да каражат бөлүнүп  колдоого алынган, бирок дубалдары толук бүтпөй токтоп калгандыктан  ошол кездеги ЖК нын депутаты Алмаз Эргешов мамлекеттик бюджетке киргизген. 2019-жылы спорт зал пайдаланууга берилген.

Мугалим Өмүрбеков Марат  тарабынан жеке демөөрчүлөр менен иш алып барып 2021-2022-окуу жылында  бир класстык бөлмөгө темир эшик, терезеге темир торчо жана компьютердик стол алынган жана атайын адис тартылып 40 окуучу демөөрчүнүн эсебинен  компютердик курстан өтүшүп, сертификатка ээ болушкан.

Мугалимдердин, ата-энелердин жардамы менен класстык бөлмөлөр шкаф, мугалимдер үчүн столдор, стулдар  менен  60-70% толукталды,

2022-жылдын1-сентябрынан Өмүрбеков  Марат 1-жолу өткөрүлүп жаткан директорлорду тандоо конкурсунан утуп келип директор болуп дайындалды.

-2022-жылдын сентябрь айында директордун демилгеси менен демөөрчү тартылып 38000 сомго заманбап видеокөзөмөл, монитору менен орнотулду.

-Мугалимдер үчүн жаңы ажаткана курулду.

-Директордун кабинети кап.ремонттон өтүп, жаңы көрнөк-жарнактар менен жабдылды. Мектептин иш-кагаздары жаңыдан түзүлүп толукталды. Жыйындар залы үчүн трибуна алынды. Мектептин дарбазасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

-2022-жылы директордун эмгеги менен заман талабына ылайык мектептин сайты ачылды. Мектептин социалдык желелердеги баракчалары ачылып иштей баштады. Кошумча 2 компьютер интернетке туташтырылды.

-2022-2023-окуу жылынын башында“Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында келүүчү 21 компьютер, 6 проектр, 1 ксеро/принтер үчүн Электрондук китепкана уюштурулуп, орундук  даярдалып айыл өкмөттүн жана өздүк чарбанын эсебинен керектүү жабдыктар менен толукталды.

-2022-2023-окуу жылында директордун идеясы менен окуучулардын билим-сапатын көтөрүүгө стимул жаратуу үчүн чейрек сайын мектептик олимпиада уюштурулуп, жеке ишкер  тарабынан каржыланып, жеңүүчү окуучулар чейректик каникулдарда Бишкек ж.б. шаарларга, коңшу өлкөлөрдүн шаарларына саякатка барышат.

-2022-2023-окуу жылында жеке ишкердин колдоосу менен 90 окуучу компьютер, англис тили жана орус тили боюнча атайын курска окушат

Жылгын  башталгыч  мектебинде  эмгектенген  эң алгачкы  мугалимдерибиз  төмөнкүлөр:

  1. Стамкулов Бөрүкул                4. Калматов  Карабек,     
  2. Үркүнов Керимбек                  5.  Айтмырзаев  Мырзаш,
  3. Жанышов  Дыйканбай           6. Барпиев  Мамадалы.

1956-1990-жылдары  иштеген  мугалимдер  төмөнкүлөр:

  1. Барпиев Мамадалы                    9.  Касымбеков  Жаныш
  2. Мавлянкулов Мамырбек        10.  Турдубаева  Токтобү
  3. Доорнкулов Медет                    11.  Жуманалиева   Каныкей
  4. Андабеков Насип                      12.  Тилекбаева  Айчүрөк
  5. Момунов Абдибаит                  13.  Курмушиева  Аселкан
  6. Өмрбеков Мавлян                    14.  Чондубаев  Масалбек
  7. Караев Жакыпбай                   15.  Юлдашева   Масуда
  8. Бердалиев Турум                       16.  Жумабаева  Гүлнара.

Жылгын  орто  мектебинин  баскычтары:

  1. 1937-1938-жылдары алгачкы  башталгыч  мектеп болгон.
  2. 1946-1947– жылдары башталгыч  мектепте  4-класска  чейин  окуучулар  билим  тарбия  алышкан.
  3. 1946-1970-жылдарга чейин  башталгыч  мектеп болгон.
  4. 1978-жылы «Жылгын »  сегиз  жылдык  толук эмес орто мектеп  болуп  уюшулган.
  5. 1987-88-окуу жылында   «Жылгын»  жалпы  орто  билим  берүүчү  мектеп  болуп  уюшулган. Анда   264   окуучу  билим -тарбия  алышкан   жана   10  класс   комлекти   болгон . Окуучуларга  билим  —  тарбия  беруудо  21  мугалим  эмгектенишкен .  

Жылгын  орто  мектебинде  директор  болуп  иштегендер:

  1. 1. Барпиев  Мамадалы  —  1970-78-жылдары.
  2. Иманкулов Эрегул —     1978-1981-жылдары.
  3. Жоробекова  Анара  —    1981-1985-жылдары.
  4. Ражапова  Айтилла —     1985-1990-жылдары.
  5. Чакаев  Турсуналы  —     1990-1995-жылдары.
  6. Төрөбеков  Болотбай –   1995-1998-жылдары.
  7. Жумабаева Гүлнара  —   1998-2011-жылдары.
  8. Шабыров  Исабек —         2012-2015-жылдары.
  9. Шерматов Урмат —          2015-2022-жылдары.
  10. Өмүрбеков Маратбек — 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап.

Жылгын  орто  мектебинин  жетишкендиктери.

«Эл агартуунун отличниги» наамын алышкан мугалимдер:

  1. Жуманалиева Каныкей — биология мугалими,
  2. Турдубаева Токтобу — китепканачы,
  3. Минбаева Азима – тарых мугалими,
  4. Юлдашева Масуда – математика мугалими,
  5. Чондубаев Масалбек – дене тарбия мугалими,
  6. Тилекбаева Айчурок — башталгыч   класстар   мугалими     

 Окуучулардын жетишкендиктери:

 1991-1992-окуу  жылында  Бердалиева  Махабат  «Күмүш»  медаль  менен  мектепти  аяктаган.

1992-1993-окуу  жылында  Жунусова  Батыйна  «Күмүш»  медаль  менен  мектепти  аяктаган.

1995-1996-окуу  жылында  Калыбекова  Асиля  мектепти эң  жакшы  аяктап  РБББнүн  «Ардак  Грамотасы»  менен  сыйланган.

1996-1997-окуу  жылында  Асыранова  Канышай  мектепти эң  жакшы  аяктап  РБББнүн  «Ардак  Грамотасы»  менен  сыйланган.

1998-1999-окуу жылында  Тургунова  Айжан  физика  предмети  боюнча  райондук олимпиадага  катышып 1-орунду камсыз кылып, областык  турунда  3-орунду камсыз  кылган. Окуткан  мугалими  Үрүсова Элмира.

2018-2019-окуу жылында Корчубекова Санирабига тарых  предмети  боюнча  райондук олимпиадага  катышып 1-орунду касыз кылып, областык турунда 3-орунду  камсыз  кылган. Окуткан  мугалими  Момунов Кенжебек.

2020-2021-окуу жылында Ботоева Медина жана Адыл кызы Асел “Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам” патриоттук ырлар боюнча кароо-сынагында райондук турда 1-орунду камсыз кылышып, областа Ботоева Медина 3-орунду камсыз кылса , Адыл кызы Асел “Жекече ыр” номинациясына ээ болду. Окуткан мугалими Өмүрбеков Марат.

2021-2022-окуу жылында Оңолбекова Гүлнура физика предмети  боюнча райондук олимпиадага  катышып 1-орунду камсыз кылып, областык турунда 4-орунду камсыз кылган. Окуткан  мугалими  Тургунова Айжан.

            Жалпы  маалымат:

 2022-2023-окуу жылында 1-11-класстарда 355 окуучу,

даярдоо класстарда  33 окуучу,

жалпы 388 окуучу  билим алууда.

Даярдоо классын кошкондо 21 класс комплекти бар.

Мектепте 32 мугалим жана 12 кенже тех.кызматкерлер эмгектенүүдө. Окутуу 2 нөөмөттө жүргүзүлөт.

 

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета