М.Барпиев ат. №19 Жылгын жалпы орто билим берүү мектеби Жалал-Абад областы, Аксы району, Жылгын айылы

Жуманалиева Каныкей Кадыркуловна

Өмүр баян;

Мен Жуманалиева Каныкей Кадыркуловна 1952-жылы 8-апрельде Жаңы-Жол районунун Жылгын айылында туулгам. 1959-жылы Жылгын башталгыч мектебинин 1-классына кирип, 1969-жылы Кызыл-Туу орто мектебин бүтүргөм. 1969-жылы ОГПИге биология факультетине кирип 1975-жылы биология адистигине ээ болдум. 1976-жылдан 1989-жылга чейин Кызыл-Туу орто мектебинде биолог мугалими болуп иштедим. 1989-жылдан 2002-жылга чейин Жылгын орто мектебинде биолог мугалими болуп эмгектендим. Ушул жылдар ичинде агартуу министрлигинин мактоо грамотасы жана «билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйлангам. 2002-жылдан баштап пенсиядамын.

Үч уул, үч кыздын энесимин.