М.Барпиев ат. №19 Жылгын жалпы орто билим берүү мектеби Жалал-Абад областы, Аксы району, Жылгын айылы

Момунов Улан Сапаралиевич

ERDENE1

Мамлекет тарабынан билим берүүгө бөлүнгөн каражаттардын бардыгы мугалимдердин эмгек акысына, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнө, мектептердин оңдоо иштерине  жана коммуналдык кызматтарды төлөөгө жумшалат. Демек, бул чыгымдар *инвестиция* эмес, мурдагы чыгымдарды жабууга кеткен чыгашалар. Демек, билим берүүнү өнүктүрүүгө каражат бөлбөйбүз жана ансыз экономикалык өнүгүүнүн кандайдыр бир программалары жөнүндө сөз кылуунун эч кандай мааниси жок.

https://www.instagram.com/erden_brand/?igshid=YmMyMTA2M2Y=

Дүйнөдөгү эң бай адамдар Илон Маск,  же Марк Цукерберг же Билл Гейтс жана башкалар;  Алтын же күмүш казган, же пайдасы көп ишканаларга ИНВЕСТИЦИЯ салышпайт… Алар адамдын келечеги үчүн, Жаш балдардын өнүгүп-өсүшү үчүн, билим алуусу үчүн узак мөөнөттүү ИНВЕСТИЦИЯ (акча сарпташат) кылышат.

Билимге кылган инвестиция — эң чоң бизнес…

Колунда барлардын гана балдары жакшы окуу жайларда окуй алат деген түшүнүк жаңылыштык…

Момунов Улан Сапаралиевич

Санариптештирүү, Интернет билим берүү процессине инновацияларды киргизүү. Бул чаралардын баары сапаттуу жана кызыктуу билим алуу үчүн мектептерде бардык шарттарды түзүүгө багытталган.

Билим берүүгө салынган инвестициянын кайтарымы чоң.

«Билим берүүгө салынган инвестиция бир жагынан коомго, өлкөнүн өнүгүүсүнө пайда алып келүүгө жардам берет, экинчи жагынан, мектеп — бул туруктуу жана перспективдүү”.

Интеллектуалдык ресурс- санариптик экономиканын эң маанилүү компоненти болуп саналат.

Интеллектуалдык ресурс-бул бүгүнкү окуучулар.

Момунов Улан Сапаралиевич

Момунов Улан үкөбүз ушул нерселерди ишке ашырууга кадам таштап, ушул күнү мектептеги бүтүрүүчү класстардагы 40 окуучуга төлөнүүчү каражатты (40 окуучуга кеткен каражаттын суммасын өзүңүздөр билесиздер!) өз жанынан төлөп Ош шаарынан беделдүү, тажрыйбасы мол мугалимди алып келип компьютердик курста окутуп жатат.

Момунов Улан Сапаралиевич

Бүгүнкү окуучулардын билим алуусуна сарпталып жаткан акча- УЗАК МӨӨНӨТТҮҮ ИНВЕСТИЦИЯ.

Окуучулар татыктуу билим алса, татыктуу кесип ээси болсо ИНВЕСТОР максатына жеткен болот.

Момунов Улан демөөрчүлүк кылып компьютер курска  окуган  40 окуучу бүгүн сертификатка ээ болушту. Сертификатыңар, алган билимиңер келечек үчүн кызмат кылсын кымбаттуу окуучулар!

Момунов Улан Сапаралиевич