Өмүр баян;
Мен Бакашева Зарипа Турпанчиевна, 25-март 1949-жылы Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылында кызматчынын үй -булосундо жарык дүйнөгө келгенмин. 1956-жылы Чолпон -Ата шаарында С.М.Киров атындагы орто мектебинин 1-классына кабыл алынгамын.
1962-жылы шартка байланыштуу Фрунзе шаарындагы ( азыркы Бишкек) №2 балдар интернатында окуумду уланткам. 1964-жылы 8-классты аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайына өтүп, 1967-жылы ийгиликтүү аяктап, эмгек жолумду Ош областына караштуу Фрунзе районунун Кадамжай аймактык ооруканасында баштагам. (азыркы Баткен облусу, Кадамжай району)
1969-жылы Кадамжай орто мектебинин 10-классын кечки бөлүмүндө окуп, аттестат алганмын.
1969-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетинин күндүзгү бөлүмүнө кабыл алынгам. 1974-жылы ийгиликтүү аяктап, Жаңы -Жол районундагы «Коммунизм» орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп иштей баштадым.
1976-жылы Кызыл — Туу орто мектебинде иштедим.
1978-жылы жаңы уюшулган Жылгын орто мектебине которулдум.
1985-1989-жылдары окуу бөлүмүн жетектедим.
1990-1996-жылга чейин катардагы мугалим болуп иштедим.
1996-жылы ардактуу эс алууга чыктым.
Учурда 1 кыз, 3 уулдун энесимин. 6 небере, 2 чөбөрөм бар.