М.Барпиев ат. №19 Жылгын жалпы орто билим берүү мектеби Жалал-Абад областы, Аксы району, Жылгын айылы

Өмүрбеков Мавлян

Өмүрүм  жана  эмгек  жолум.

    Мен Мавлян Өмүрбеков 1937-жылы сентябрь айында  Аксы  районуна  караштуу Аркыт кыштагында «Карангы түн» айылында колхозчунун  үй бүлөсүндө  жарык  дүйнөгө  келгем. 

1947-жылы 1-касста мугалим Эшеев Анарбек тамга тааныткан. Айылдык  мектепте  кыргыз, орус класстарда  окудум. Мектепте  4-5-класстарда ар дайыма  жакшы  окуп  жүргөм. Ошондуктан, Бүткүл союздук пионер газетасы «Пионерская правдага» орус  бала  экөбүз  сүрөт  менен  ардакталып  чыктык.

            1954-жылы  Бүткүл  союздук  комсомол  уюмуна  мүчөлүккө  кабыл  алындым.

Райондун  борбору  Караванга  авто унаа  жоктугунан  улам  кээде  жөө  келип  кетчүбүз..

Аркыт  айылындагы  7  жылдык  мектепти  жалаң  «5»  деген баалар  менен  аяктадым.

Андан  кийин  Афлатун айылындагы  10  жылдык  мектепте  (жатак мектеп)  8-9-класстарды  аяктадым.

Ал  кезде мектептерде Кыргызстандын түндүгүнөн жана Россиядан мугалимдер келип окутуп билим, тарбия  беришкен.

1956-1957-окуу жылында Кызыл туу айылында биринчи орто мектеп  уюшулуп 17 окуучу  окуп  аяктадык, мектептин  алгачкы бүтүрүүчүлөрү  биз  болдук.

Ал кезде мектепти  бүтүргөн  окуучулар айыл чарба иштерине 3 жыл иштебесе Жогорку окуу жайга кабыл алынган эмес.

1958-жылы  жашоо  шартка  байланыштуу  колхоздо  иштедим .

1959-1962-жылдары  Аркытта  Корукта  жумушчу  болуп  эмгектендим.

1962-жылы  Кызыл-Туу  орто  мектебинде  лоборант,

1963-жылы  мектептин  Пионер  уюмун  жетектеп  өздөштүрдүм.

Ошол  жылдары  өзүмдүн  билимимди  өркүндөтүү  үчүн  Ош  Мамлекеттик   Педагогика  Институтунун  Табият  таануу  бөлүмүнө  өтүп  окуу  жайда  сырттан  окудум.

1969- жылы  «География  мугалими»  адистигине  ээ болуп  диплом  алдым.

1964- 1968- жылдар  аралыгында  Кызыл-Туу  орто  мектебинде  Башталгыч  калсстарды  окуттум.

1968-1972-жылдары окутуп-тарбия  берген  окуучуларымдын  арасынан   мектепти  «Алтын  медальга»  татыктуу  аяктаган.  Кээ бирлери  Москвадагы  М. Ломоносов  атындагы  Университеттин  Медицина  факультетин  бүтүрүп  келишти. Ж. Садыралиев,  Б. Касымбеков,  Эргешова Замира Маликовна ж.б…

Жалпы  мугалимдердин  эмгегинин  жакшы  натыйжасында  менин  да  жөнөкөй  эмгегим  бар.

1962-жылдан 2000-жылдарга чейин Кызыл-Туу  айыл  аймагындагы  С. Айтиев,  Э. Арстанбаев  жана  Жылгын  айылындагы  М. Барпиев  атындагы  мектептерде  эмгектендим.

Пенсия  курагымда  мугалимдердин  жетишсиздигнен  улам  бир  топ  убакытка  чейин  мектепте  иштегенмин.

Үй-бүлөм;  Байбичем Токтобү (Турдубаева Токтокан) мектепте   китепканачы,  мугалим  болуп  эмгектенген, азыр  ардактуу  эс  алууда. 3  уул,  3  кызыбызды  эрезеге  жеткирип,  окуттук, баары   үй-бүлөлүү  болуп  жашоонун  агымы  менен жашап  жатышат.

Азыр   ардактуу  ардагер  мугалим  болуп  эс  алуудамын…